Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасындагы бардык кызматкерлер коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде эртең мененки маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, учурда оорукана дезинфекциялоо үчүн жабылган.
«Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканы аныкталды. Ошондуктан бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз»,-деди министр.
Министр коронавирус жуктургандар менен жакын байланышта болгондор обсервацияга алынганын кошумчалады.