• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Министр Жапаров жарыялаган коронавирустан дарылануунун жаңы ыкмасы тууралуу маалыматты тастыктады

16 Чын куран 202112:04 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров жарыялаган коронавирустан дарылануунун жаңы ыкмасы тууралуу маалыматты тастыктады.

Министрдин айтымында, медицина кызматкерлери бейтаптарды уу коргошун менен дарылап жатышат. Ал өзү дагы уу коргошун ичерин белгиледи.

«Анын ден соолукка зыяны жок. Көп адамды жоготуп албоо үчүн ушул кадамга бардык. Коронавирустун экинчи толкунунда дагы уу коргошун менен дарылаганбыз, бирок ал тууралуу айткан эмеспиз», — деди ал.

Бейшеналиев уу коргошундун пайдасы тастыкталганын, бул ыкманы президент Садыр Жапаров сунуштаганын кошумчалады.

«Садыр Нургожоевич 2020-жылы март айында Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Садыр Жапаров өзү уу коргошун ичип айыгып, мага дагы сунуштаган. Мен аны тааныштарыма гана колдонуп баштагам. Тааныштарымдын баары айыкты. Эч ким каза болгон жок. Азыр коронавирустан дарылап жаткан протоколдо уу коргошун көрсөтүлгөн эмес. Илимпоздор уу коргошундун үстүнөн иштеп жатышат. Алгач каттап, андан кийин балким коронавирустан дарылоо протоколуна киргизебиз», — деди министр.

Количество просмотров: 94