Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.
Министри Кашкар Жунушалиев Баткенге барып, облустук ички иштер башкармалыгынын түзүмү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кашкар Жунушалиев Баткенге түнү барган. Эртең менен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, чек арадагы абал талкууланды. Министр кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир катар тапшырмаларды берди.

Жунушалиевдин айтымында чек арага жакын аймакта жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Азыркы учурда Баткен облусунда күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда жана дагы чектешкен аймактар катуу көзөмөлгө алынган. Азыркы мезгилде чек арадагы абал туруктуу.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталган.