• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Министрдин хирургдарда өчү же өксүгү барбы?». Депутат Бейшеналиевди сынга алды

17 Жалган куран 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүн, 17-мартта өткөн парламент жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды. Анын айтымында, Бейшеналиев мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатат жана айрым кадамдары шакабага алынууда. 

«Медицина илимдеринин доктору, хирург Эрнст Акрамовду минтип кыргыз элинин алдында каалагандай мазактоого эч кимдин укугу жок. Ал кишинин эмгеги сиңген, өмүрүн ушул тармакка арнап койгон. Керек болсо ушул күнгө чейин үйү жок ооруканада жашайт. Саламаттык сактоо министри айткан сөздү мен айта албайм, этикага туура келбейт. Ал мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумуна туура келбеген нерселерди жасап жатат. Кандайдыр бир көңүл буруу болуш керек. Министрдин хирургдарда өчү же өксүгү барбы? Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан Калдарбек Абдраманов аттуу профессорубуз бар. Ал кишини дагы кызматтан алды деп жатышат. Саналуу хирургдарыбызды сактайлы. Бүгүнкү күндө эмне деген саясат жүрүп жатат? Албетте, министрдин медициналык окуу жайлардын санын кыскартуу боюнча демилгеси туура болсо колдойлу деп жатабыз. Парламент ал кишинин аброюна шек келтирбестен колдоп жатат. Ошол эле учурда министр дагы этиканы сакташы зарыл. Каяктагы мазактоолорду айтып жатат. Ошол үчүн министрди тартипке чакыргыла, министр жаргондор менен сүйлөбөш керек, социалдык тармакта күлкү болуп жатат. Мамлекеттик имидж бар, интернеттин заманында коңшу өлкөлөргө дагы желдей тарайт»,-деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү комитетке протоколдук тапшырма берди.

«Маселе адилеттүү көтөрүлүп жатат. Анткени биз укуктук мамлекетпиз жана мыйзам менен жашашыбыз керек. Өзгөрүүлөр мыйзамдын алкагында болуусу шарт. Мамлекеттик кызматкердин этикасы боюнча атайы жоболор бар. Биз түшүнүктөр менен жашабайбыз да. Ошондуктан комитетке атайы протоколдук тапшырма беребиз»,-дейт Мамытов.

Эске салсак, бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүп, анын башчылыгына Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалган. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган. 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акрамов менен сүйлөшкөнүн, ал үчүн тынчсызданууга негиз жок экенин Твиттердеги баракчасына жазды.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган.

Количество просмотров: 1625