• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлер Кабинети чечимдерди кабыл алды

28 Баш оона 20249:42 Бишкек Govori.TV


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынып, ошондой эле “Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтом жактырылды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин токтому менен жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор — окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо, окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар, Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Количество просмотров: 191