Министрлер кабинети парламенттин 17-июндагы жыйынында сугат маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 16-июндагы жалпы отурумунда кабыл алынды.
Жыйында бир нече депутат өлкөдө сугат суунун тартыштыгына дыйкандар нааразы болуп жатканын айтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдиришти. Алар буга байланыштуу аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунуштап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты.
Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып, 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Алар суу бөлүштүрүүдө баш-аламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.