• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну пландаштырууда

14 июля 2021 в 10:42 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну пландаштырууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев фейсбук баракчасына жазды.

«Министрлер кабинети «Альфа Телеком» (акциянын 100 пайызы), «Кепилдик фондун» (14,09 пайызы), «Керемет банкын» (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү», — деп жазды депутат.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан аталган төрт компаниядагы мамлекеттик пакеттин баарын сатуу пландалып жатканы кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, жума күнү бул долбоорду колдоо боюнча токтом чыккан. Программа эми Жогорку Кеңештин токтому менен да бекитилиши керек. Мындан соң аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлмөкчү.

Кошумчалангандай, тизмеде 32 объект бар, жогоруда аталгандар да кошулган.

Количество просмотров: 170