• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Министрлер кабинетинин төрагасы унаа сүзгөн балдардан кабар алды

4 Бугу 2024 9:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды.

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, жабыр тарткан 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Жапаровго балдардын абалы жана аларды дарылоонун мындан аркы планы айтылды. Маалым болгондой 4 бала реанимацияга, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Балдарды текшергенден кийин хирургиялык кийлигишүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан Акылбек Жапаров аларга колдоо сөздөрүн айтып, балдар сапаттуу дарыланып, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Количество просмотров: 119