• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министрлер кабинетинин төрагасы Жерүй кенине барды

30 Теке 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүштү, натыйжада 25 кг ашуун алтын куймасы алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда.

Улукбек Марипов ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди. Ал белгилегендей, министрлер кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

Алтын Альянс» компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздалып жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакаталат.

Количество просмотров: 177