• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Автобустан секирип кетким келген». Акылбек Жапаров балалыгын эскерди

7 Кулжа 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарынан келген «Жаш лидерлер» долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Жапаров мектеп окуучуларын тил үйрөнүүгө жана изденүүгө үндөдү.

Долбоордун катышуучуларынын бири анын жашоосунда үмүтү үзүлгөн учур болгонбу деген суроо узатты.

Жапаров ал күнүн төмөндөгүдөй эскерди:

«Мектепте окуп жүргөн учурда физика боюнча олимпиадада 67 окуучунун арасынан 18-орунга ээ болуп, өзүмдү планетадагы эң акылсыз адам сезгем. Капа болгонумдан автобустан секирип кетким келген. Жеңилүү болот, бирок андан сабак алуу менен алдыга умтулуш керек. Ошондо гана адам ийгиликке жетет»,-деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров окуучу кезинде 5-атаман болгонун кошумчалады.

Количество просмотров: 159