• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров: Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт

11 Тогуздун айы 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт.

«Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн. Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз»,-деп жазды Жапаров.

Количество просмотров: 363