• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Министрлерге сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер кызматынан бошотулат

25 Чын куран 2024 12:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар министрлерге өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялап, бир топ жетекчинин кызматынан бошотот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиясынын 25-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.

Эскертүү алгандар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев;

Сөгүш алгандар:

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

— транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев;

— саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;

Кызматтан бошотулат:

— Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ‒ аким ‒ Алайбек Жумаевди кызмат ордунан бошотуу;

— Баткен облусунун Баткен районунун акими У.И. Жоробаевди кызмат ордунан бошотуу;

-Чүй облусунун Кемин районунун акиминин биринчи орун басары А.Р. Мурсалиевди кызмат ордунан бошотуу;

-Баткен облусунун Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары А.К. Ташбалтаевди кызмат ордунан бошотуу;

-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары А.К. Дүйшембиевди кызмат ордунан бошотуу;

-Чүй облусунун Кемин районунун акиминин орун басары К.Р. Жетенбаевди кызмат ордунан бошотуу сунушталды.

Количество просмотров: 172