• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлик: 13 адамдын абалы оор, тогузу реанимацияда

14 Чын куран 202010:24 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканаларда жаткандардын саны 354тү түзөт.

“Алардын ичинен 13үнүн абалы оор, ал эми тогузу реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Калган 341инин абалы канааттандырарлык”, — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 268