• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлик айдоочуларды дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат

18 Аяк оона 202415:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азыркы тапта каттам үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок.

Транспорт министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 70