• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Министрлик “Беткаптардан курт чыгып жатат” деген маалыматты четке какты

2 Чын куран 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти “медициналык беткаптардан курт чыгып жатат” деген видео боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Департаменттин кызматкери Гүлмира Жумашова колдонулган жана жаңы ачылган беткаптарды текшерилгенин билдирди.

“Микроскоп менен текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок”, — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда медициналык беткаптардан курт чыгып жатканы боюнча видео тараган.

Количество просмотров: 352