Быйылкы окуу жылын салттуу же дистанттык түрдө баштоо маселеси 10-августка чейин чечилет. Бул тууралуу Билим жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда кыргызстан боюнча ар бир мектепте мониторинг жүргүзүлүп жатат.
«Август айында балдарды 1-класска кабыл алуу иштери толук аяктайт. Бардык аймактардагы мектептер санитардык-эпидемиологиялык кызматтар менен бирге тийиштүү сунуштарды даярдап жатышат. Кыргызстандагы ар бир мектеп окутууну салттуу же дистанттык түрдө баштоосу боюнча өз сунуштарын министрликке билдириши керек. Алардын негиздемесинде окуучулардын так саны, мектептердин тизмеси камтылып, 10-августка чейин министрликке жөнөтүлүшү керек»,-деди ал.