• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министрлик чек арада ок тийген аскер кызматкери каза болду деген маалыматты четке какты

10 Бугу 2020 22:46 Бишкек Govori.TV

«Чек арада ок тийген аскер кызматкери каза болду” деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон жоокер Улуттук госпиталга которулду. Бүгүнкү күндө чек арачынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми калган эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүндө жатат, алардын абалы канааттандырарлык. Бардык ок тийген аскерлер дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек,  социалдык тармактарда  жоокердин каза болгонду тууралуу маалыматтар тарган.

Количество просмотров: 108