• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Министрлик чет өлкөдө билим алуу үчүн стипендиялар тууралуу маалымат жарыялады

18 Кулжа 2024 10:23 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөдө окуу үчүн стипендиялар тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, сиз ведомствонун сайтындагы «Стипендиялар» бөлүмүнөн ар кандай стипендиялык программалар жөнүндө маалыматтарды таба аласыздар.

Ошондой эле чет өлкөгө тапшыруу боюнча актуалдуу программалар бул жерге жайгаштырылуу. Мында Кыргызстандын жарандары катталып, чет өлкөлүк окуу жайларга документтерди тапшыра алат.

Министрликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына актуалдуу болгон эл аралык стипендиялар тынымсыз жайгаштырылып турат.

Убагында маалыматтар менен кабардар болуу үчүн министрликтин төмөндөгү социалдык тармактагы баракчаларына катталып алсаңыздар болот:

Количество просмотров: 93