• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министрлик депутаттардын ТикТокту жабуу талабын бейөкмөт уюмдарга оодардыбы?

30 Баш оона 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында TikTok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Министрлик өз маалыматында бир катар бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын «балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары» көбөйгөнүн айткан.

Ошондой эле маалыматта, «балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эместигин, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизери» жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары TikTok тиркемеси жаш балдарга, өсүп келе жаткан муунга, улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деген пикирлерин билдирип, Маданият министрлиги Тик-Токту көзөмөлгө алышы керектигин айтышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров 14-августта балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы бир катар мыйзамдарга (Укук бузуулар кодекси, «Кыргызстандагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталган. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Андан сырткары балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилген.

Количество просмотров: 92