Парламент жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Шайлообек Атазов Тик-Ток тиркемеси жаштарга терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
Ал билдиргендей, бул тиркеме улуттук идеологияны жаман нукка бурушу мүмкүн.
«Маданият министрлигине тапшырма берип, Тик-Токтун балдарды жаман жакка буруп жатканы боюнча иш алып барбайсыздарбы? Мамлекеттин улуттук баалуулуктары, саясаты да болушу керек да. Ошону көзөмөлдөгөн тармак эмне кылып жатат? Өзбекстан, Казакстан деген өлкөлөрдө жок го?.. . Ушуга көңүл буруп койсоңуздар, же чакырасыздарбы?», — деди депутат.
Дагы бир эл өкүлү Таалайбек Масабиров кесиптешинин айткандарын колдоп, Маданият министрлиги Тик-Токту көзөмөлгө алышы керектигин айтты.