• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Министрлик «Клооптун» кыргыз тилиндеги сайтын жабууну чечти

9 Жетинин айы 2023 19:04 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлиги «фейктер» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде «Клооптун» кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрлик билдиргенин «Клооп» жазды жана мекеменин катынын көчүрмөсүн жарыялады.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укугу жок. Министрлик ky.kloop.asia сайтын “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материалдан улам ишмердүүлүгүн токтотууну өтүнөт», — деп жазылган катта.

Количество просмотров: 80