Кыргызстанда коронавирус жуктурган 3 жарандын бүгүнкү күндө абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
«Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын ичинен 3 жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын экөө Өзгөн районунда болсо, бирөө Сузакта. Алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө деди»,- Мамбетов.
Буга чейин өлкөдө жалпы 58 адамда жаңы дарт аныкталган. Жаңы учурларды кошкондо Кыргызстанда коронавирус боюнча жалпы 84 учур катталды.