• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Министрлик: кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны 59 адамга жетти

18 Аяк оона 2022 22:53 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 18-сентябры саат 22:00гө карата Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адам.

Ал эми жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда — 71 жаракат алган жараан;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
4. Тез жардам ооруканасы — 9 жабыркаган;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.

Количество просмотров: 635