• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлик: Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

23 Кулжа 2023 13:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат. бул утуралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин «Al Huqооq International Company» компаниясы кол коюшту.

«Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат», — деп түшүндүрдү министр.

Белгиленгендей, кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талап – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак.

Количество просмотров: 96