• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Министрлик: Кытайдан келген кыргызстандык тогуз студент ооруканага жаткырылды

31 Үчтүн айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Кытайдан келген кыргызстандык тогуз студент ооруканага жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Студенттердин үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырылса, алтоо Москва райондук ооруканасында.

«Абалдары канааттандырарлык. Студенттерден оорунун белгилери байкалган жок, бирок өздөрү дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүштү. Тогуз студенттин баары Ухань шаарынан эмес башка провинциялардан келишти. Бугүнкү күндө Кыргызстанда вирус жуктуруп алган бир да учур катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, соңку эки күндө Кытайдан Кыргызстанга 42 киши келип, учурда алардын тогузу ооруканада жатат.

Количество просмотров: 198