• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Министрлик мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты

11 Чын куран 2024 17:44 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, президенттин жакырчылыктан чыгуу демилгесин ишке ашыруунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат.

Социалдык паспорту бар же «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.

Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө өзүнүн чакан бизнесин ачууга же өнүктүрүүгө акысыз 100 миң сом берилет.

Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.

Количество просмотров: 186