• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министрлик: Окуучулар 1-майдан 10-майга чейин эс алышат

27 Чын куран 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

1-майдан 9-майга чейин жалпы республикалык эс алуу жарыяланганына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайлардын иштөө графигине да өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык, Министрлер кабинетинин токтому жалпы мамлекеттик билим берүү мекемелерине да тиешелүү болот. Андыктан 4-майдагы сабактар 30-апрелге, 6-майдагы сабактар 14-майга жылдырылат.

Ошол эле учурда мамлекеттик мектептердин жетекчилиги тез арада эс алуу күндөрүнө туш келип, өтүлбөй кала турган сабактарды толуктоо үчүн кошумча график түзүшү керек.

Бул сунуш беш күндүк график менен иштеген жеке менчик мектептерге да сунушталат.

Количество просмотров: 225