• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Министрлик: Ооруканаларда генераторлор пайдаланылып жатат

25 Үчтүн айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Ооруканаларда жабдыктады иштетүү үчүн электр энергиясын чыгарууга генератор пайдаланылып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, операция бөлмөлөрүндө генератор ишке кирди, жана тез жардам кызматы да ага туташып учурда чалууларга барып жатат.

Кошумчалагандай ооруканаларда суюк кычкылтекке өтүштү.

Энергетика министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда.

«Борбор Азия боюнча электр жарыгы өчтү. Кыргызстан энергошакекчеден чыгып, 30 мүнөттө өз алдынча электр энергия берип баштайт», — деп билдирди министрлик.

Буга чейин Борбор Азиянын бириккен энергосистемасында авария болгону белгилүү болду.

Количество просмотров: 79