• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Министрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти

13 Теке 202413:05 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөк пул көтөрүлүп, 25 миң сомго жеткени тууралуу социалдык тармактарда жалган маалымат тарап жатканын билдирди. Мындан улам жарандарга кайрылып, фейктерге ишенбөөгө, интернеттеги шылуундарга алданып калбоого чакырды.

«Сураныч, жогорулатылган жөлөк пул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Министрликтин бардык маалыматтары расмий сайтка, соцтармактардагы баракчаларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгат”.

Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, кибер-кылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.

Количество просмотров: 138