• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик: Студенттердин окуу акысын азайта албайбыз

13 Үчтүн айы 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайлардагы окуу акысын азайта албайбыз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова бүгүн, 13-январдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, контрактын эсебинен ЖОЖдордун мугалимдерине айлык акы төлөнөт.

«Учурда айрым коомдук уюмдар, келишимдик негизде окуу акысын төмөндөтүүнү талап кылышууда. Бирок контрактын эсебинен окуу жайдын керектүү жабдуулары алынат жана мугалимдерге айлык акы төлөнөт. Дистанциялык окууда эмгек акысы төмөндөшү мүмкүн эмес, мугалимдер дагы үй-бүлө багуучу болуп саналат», — деп билдирди Баймуратов.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын 30 жогорку окуу жайынын студенттери окуу акысынын көйгөйүнө көңүл буруп, 50% арзандатууну суранышкан.

Количество просмотров: 187