• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик сулуулар конкурсу үчүн уюштуруу комитетин бекитти

6 Жетинин айы 2018 9:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
14-ноябрда Бишкекте “Мисс Кыргызстан-2018” сулуулар конкурсу алгачкы жолу  расмий түрдө өтөт. Анткени «Miss World» эл аралык конкурсунун өкүлдөрү жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен  уюштурулат.
Анда уюштуруу комитети министрлик тарабынан бекитилип, төмөндөгүлөр курамына кирген:
Айнура Султанбаева маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары,
Эльдар Абакиров экономика министринин орун басары (келишимдин негизинде),
Асел Куламбаева Бишкек шаарынын вице-мэри (келишимдин негизинде),
Бактыгүл Ноорузбаева Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат департаментинин директору,
Айнура Асанбаева Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы,
Жийде Зоотбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү,
Бегимай Карыбекова «Мисс Кыргызстан-2017» титулунун ээси,
Жаныбекова Карина «Мисс Кыргызстан-2018» конкурсунун уюштуруучусу,
Асел Оморова «Азия Молл» соода борборунун өкүлү,
Айзада Жамгырчиева «Мисс Кыргызстан-2018» конкурсунун уюштуруучусу, «Dm Exclusive» компаниясы.
Катышуучулар өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен конкурска акы төлөбөстөн катышат. Мында жеңүүчү аталган кыз “Дүйнө сулуусу” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 47