Саламаттык сактоо министрлиги алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде эмгектенген жана ординатураны жаңы аяктап, аймактарга барып иштөөнү максат кылган 35 жашка чейинки дарыгерлерди «Дарыгердин депозити» программасына катышууга чакырат.
Ведомстводон билдиришкендей, бул программа — өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана ошол аймактарда эмгектенген жаш дарыгерлерди материалдык жактан колдоо максатын көздөйт. Учурда жаш дарыгерлерге квартал сайын стимул катары берилүүчү төлөмдүн суммасы 66 миң сомду түзөт.
Катышуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
Документтерди тапшыруу тартиби:
Документтер төмөнкү жолдордун бири аркылуу тапшырылат:
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жамал Рысбаевага 0778 20 45 71 телефон номери аркылуу байланышыңыз.