Ошондой эле өкмөт башчы эртең, 27-ноябрда Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун тереңдетүү маселелерин карашат.
Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө. Ошондой эле ЕАЭБдин 2019-жылдагы бюджети каралып, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.