• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

“Мир 24” маалымат порталынын оператору 20-ноябрга чейин камакта калды

5 Жетинин айы 202219:32 Бишкек Govori.TV

Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен бирге кармалган “Мир 24” маалымат порталынын оператору Калыс Аширбаев 20-ноябрга чейин камакта калды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазды.

4-ноябрга караган түнү журналист Санрабия Сатыбалдиева бирге “Мир 24” маалымат порталынын оператору жана такси айдоочусу шектүү катары кармалган.Сатыбалдиеванын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кечээ Сатыбалдиева эч жака кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.

Количество просмотров: 136