• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ журналист Сатыбалдиева “акча опузалоого” шектелип кармалганын билдирди

4 Жетинин айы 202211:30 Бишкек Govori.TV

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Көп өтпөй ал ШИИБге алынып келинди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “кош бойлуу журналист-айымдын камалышы мыйзамга туура келбейт” деп билдирди. Оператор Калыс Аширбеков Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында экени тастыкталды.

Теги:
Количество просмотров: 698