Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабековдун апасы токмоктолуп, үйүнөн 70миң долларлык буюм-тайымдар уурдалган. Маалыматты ырчы мырза өзү тактады. Бирок, окуя туурасында кенен айтып берүүнү каалаган жок. Мунун ал тергөө амалдарына жолтоо болуп калат деген кооптонуу менен түшүндүрдү. Учурду апасынын акыбалы жакшы.
Эске салсак, уурулар кирген учурда үйдө апасы менен эжеси болгон. Алардын колдорун байлап, баалуу буюмдарын алып кетишкен.