• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мирлан Бакиров: Дыйкандардын картошкасын мамлекет сатып алышы керек

21 Бирдин айы 201915:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров дыйкандар өткөрө албай жаткан картошкасын мамлекет сатып алып, бюджеттен каржылануучу мекемелерге жеткирип бериши керек деп эсептейт.

Мындай сунушун ал бүгүн 21-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып, картошка айдаган дыйкандар, айрыкча Ысык-Көлдөгү фермерлер 3-3,5 сомдон өткөрө албай «заманасы куурулуп» жатканын белгиледи:

«20 күн калды, жаңы картошка эгилет. Чиригени-чирип, калганы калат. Бири-бирибизди күнөөлөбөй, ыкчам штаб түзүү керек. Биринчи вице-премьер тез арада коңшулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, зарыл болсо өзүбүздүн ички кардарларды – армиядан баштап бала бакчага чейин камсыз кылуу керек. Мамлекет алар үчүн түз сатып алып, дыйкандардан алыш керек. Өкмөт барбы? Мамлекет оперативдүү түрдө чара көрүүсүн сунуш кылам»,-деди Бакиров.

Былтыр 17-августта Өзбекстан Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салып, 2-ноябрда кайра киргизүүгө уруксат берген. Анын алдында өкмөттүн убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатышат.

Жакында Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

26-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди ишиндеги кемчиликтери үчүн сынга алып, анын жеке жоопкерчилигин дагы эскерткен.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Мурашевди кабыл алып, “рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз” болуп жатканын сынга алган.

Мурашев эгерде жетекчилик «ишти жакшы алып кете албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан.

Количество просмотров: 15