• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирлан Бакиров: Латын алфавитине өтсөк, англис тилин бат үйрөнүүгө шарт түзүлөт

13 Аяк оона 2019 16:27 Бишкек Govori.TV

ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров латын алфавитине өтсөк, англис тилин бат үйрөнүүгө шарт түзүлөт деген пикири менен бөлүштү.

Түрк тилдүү мамлекттердин көпчүлүгү өткөн. Бул жакта дагы биз артта калып жатабыз. Деги эле биз келечекте ойлоно турчу маселе. Эгерде биз латын алфавитине өтө турган болсок, биз ошо азыркы замандын талабына жараша мисалы англис тилин окуучулардын өздөштүрүп кетүүсүнө шарт түзөт. Бул дагы өзүнчө бир саясий эркти талап кылат, каражатты талап кылат , -деди Бакиров.

Эске салсак, буга чейин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жалпы жыйында латын алфавитине өтүү тууралуу демилгени эске салды. Ал эми Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков талапкерлиги каралып жаткан учурда муктаждык болсо, латын алфавитине өтүүгө даяр экенин билдирген.

Количество просмотров: 783