Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, Талайбеков Мирлан Талайбекович Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп дайындалды.
М.Талайбеков дайындалганга чейин Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында иштеген, УПСМДИН басма сөз кызматынын инспектору кызматын аркалаган, милициянын лейтенанты.
Бишкек шаарынын мэриясы анын кесиптик тажрыйбасы жана билими шаардын жана анын жарандары үчүн муниципалдык инспекциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенет.
Муниципалдык инспекциянын иши борбор калаадагы көрктөндүрүү эрежелерин сактоодо жана тартипти сактоодо өзгөчө мааниге ээ. Буга байланыштуу жаңы жетекчинин алдына шаар башчысынын инспекциянын ишмердүүлүгүндөгү көзөмөлдү жана ачыктыкты күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлган.