• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Мирзиеев дүйнөнү өзгөртүп жаткан 10 лидердин катарына кирди

6 Үчтүн айы 2018 17:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.01.2018.Govori.TV

Түркиянын Derin Ekonomi басылмасынын саясый баяндамачылары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөдөгү жана аймактагы абалды өзгөртүүгө кудуреттүү лидерлердин катарына кошту.

Адистер белгилегендей, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, күч органдарынын ишин иретке келтирүү, өлкөнүн либералдашуусуна багытталган иштерди ийгиликтүү аткарууда.

Өзбекстанда былтыртан тарта соода эркиндигине түз таасир берген олуттуу чечимдер кабыл алынып, тышкы валюталык саясаттын ачыктыгы чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктыра баштаганын Derin Ekonomi басылмасынын баяндамачылары белгилешти.

Түрк басылмасы «алдыңкы ондукка кирген айрым лидерлер коомчулукка жакшы тааныш эмес болушу мүмкүн, бирок 2018-жылы дүйнө аларды кылган иши аркылуу терең биле баштайт» деп белгилеген.

Мирзиёевден тышкары алдыңкы он лидердин катарына Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министри, шейх Абдулла бен Зайд аль-Нахайян, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) жетекчиси Роберт Мюллер, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана башкалар кирди.

Количество просмотров: 5