• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мирзиёев камактагы 426 адамга ырайым берди

9 Чын куран 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамынын алдында камактагы адамдарга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 426 кишиге ырайым берилет. Алардын 135и негизги жазасын өтөөдөн толук бошотулса, 200ү жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мындан тышкары дагы 26 кишинин жазасы жеңилдетилип, 65 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат.

Ырайым алгандардын арасында 11 чет өлкөлүк, 60 жаштан ашкан 50 аял жана 13 эркек, 30 жашка чейинки курактагы 157 киши, анын ичинде эрезеге жете элек үч өспүрүм жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышканы үчүн соттолгон беш адам бар.

Президент жарлыкты аткаруунун алкагында жооптуу министрликтер менен мекемелерге ырайым кылынган жарандарды жакындарына кайтарып берүү, алардын жумушка тартылышына, сергек жашоо образын тандап, коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 65