• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мирзиёев менен Рахмон Түркмөнстанга барат

4 Баш оона 202315:32 Бишкек Govori.TV

Ашхабад шаарында Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан президенттеринин үч тараптуу саммити өтөт.

Буга байланыштуу Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев түркмөн тараптын чакыруу менен бүгүн, 4-августта Ашхабад шаарына барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сапардын программасына ылайык, Мирзиёев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, президенттердин үч тараптуу саммитине катышат», – деп жазылган билдирүүдө.

Саммиттин жүрүшүндө аймактын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 251