• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Мирзиёев мамлекеттик мекемелерди Жаңы Ташкентке көчүрүүнү тапшырды

30 Чын куран 2024 9:27 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын мамлекеттик органдары Жаңы Ташкент шаарынын аймагына көчүрүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон «Мамлекеттин экономикадагы катышуусун кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомдо жазылган.

Президент бул токтому менен Жаңы Ташкентти куруу боюнча координациялык кеңешке үч айдын ичинде мамлекеттик органдарды көчүрүү, азыркы административдик имараттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле ал имараттарды сатуудан түшкөн каражатты жаңы административдик имараттардын курулушун каржылоого жумшоону тапшырды.

Шавкат Мирзиёев Жаңы Ташкентти курууну 2021-жылы августта демилгелеп, 2023-жылы мартта анын курулушуна капсула салган. Президенттин пикиринде, жаңы шаар Ташкент облусундагы Чирчик жана Карасу дарыяларынын ортосуна курулушу керек. Анда борбор шаардагы мамлекеттик мекемелер Жаңы Ташкентке көчүрүлүп, Ташкент өзү «жашыл аймакка» айланары айтылган.

«Жаңы Ташкент» долбоорунун алкагында 20 гектар жерге жалпысынан 1 миллион кишиге ылайыкталган имарттарды, анын ичинде 60 миң киши үчүн көп кабаттуу үйлөрдү, 30 мектеп, 20 бала бакча, оорукана жана 5 бейтапкана куруу каралган.

Жаңы Ташкентте мамлекеттик мекемелер, жогорку окуу жайлар жана башка органдар жайгашат. Ал эми азыр министрликтер менен мамлекеттик мекемелер колдонуп жаткан имараттарда мейманканаларды, соода борборлорун жана тейлөө объектилерин түзүү каралууда.

Количество просмотров: 115