• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Берлинде 30дай киши Рахмондун сапарына каршы акция өткөрдү

29 Аяк оона 2023 11:48 Бишкек Govori.TV

28-сентябрда тажик оппозициясынын бир тобу Берлиндеги Тажикстан элчилигинин алдында президент Эмомали Рахмондун Германияга иш сапарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар Эмомали Рахмондон саясий туткундарды бошотууну жана Тажикстанда адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууну талап кылышты.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири “Озоди” радиосуна акцияга Тажикстандын Улуттук альянсы менен “Группа 24” кыймылынын 30га жакын жактоочусу келгенин кабарлады.

Тажикстандын Берлиндеги элчилиги тажик оппозициясынын тарапкерлеринин нааразылык акциясына азырынча жооп бере элек.

29-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары “Германия – Борбор Азия” саммитине катышат.

Количество просмотров: 91