• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мирзиёев менен Токаев Казакстандагы абалды талкуулады

6 Үчтүн айы 202215:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мамлекет башчылар Казакстандагы кырдаалдын өнүгүүсү, абалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана өлкөдө тез арада тынчтыкты калыбына келтирүү тууралуу пикир алмашты.

«Өзбекстандын президенти бир тууган элди, ошондой эле өлкөдө туруктуулук менен бейпилдикти камсыз кылуудагы Казакстан жетекчилигинин аракеттерин колдой турганын дагы бир жолу ырастады», — деп жазылган билдирүүдө

Количество просмотров: 119