Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Токио Олимпиадасынан байге алган спортчуларга автоунаа жана турак жай белек кылды. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Олимпиада комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, президент Мирзиёевдин атынан алтын медаль уткандарга Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берилген. Ал эми коло медаль ээлерине Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган.
Кошумчалай кетсек, өзбек спортчулары Олимпиада оюндарынан үч алтын, эки коло байге алган.