• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мирзиёева: Мугалимдерди башка иштерге мажбурлагандар мыйзам менен жазаланат

20 Бештин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда мугалимдерди өз иштерине тиешеси жок жумуштарга мажбурлагандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган мыйзам долбоору иштелип чыкты жана жакында кабыл алынары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын байланыш жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Саида Мирзиёева билдирди.

«Бүгүнкү күндө мугалимдер – бул мамлекеттик иш-чаралардагы кызматкерлер, үйлөр боюнча статистика топтогон бекер жумушчулар, багбан, тазалык кызматкери, мектепке келген комиссияларды тейлеген официант жана ашпозчу, социалдык тармактардын жумушчу топторунун мүчөлөрү, зээриктирген иш-чараларда бош залды толтурган «массовка», тургундардан насыя жана салыктарды чогулткан киши, кимдир бирөөнүн үй-бүлөсүндөгү кандайдыр бир терс окуя же тарбиясыз балдар үчүн жоопкер болгон түнкү нөөмөтчү жана мектеп күзөтчүсү. Мындай учурда мектеп, сабак эмне болот? Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнбү?», — деди Мирзиёева.

Президенттин кызы мыйзам долбоору качан кабыл алынары жөнүндө так айткан жок. Мугалимдерге карата мамилени өзгөртүүнү Саида Мирзиёева өткөн айда да сунуштаган.

Количество просмотров: 272