• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шакиев Өзбекстанга кетти

11 Аяк оона 202416:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Хива шаарына жөнөп кетти.

Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле Төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Шарапаткан Мажитова, Чынберди Толонов жана Чыңгыз Ажибаев бар.

Количество просмотров: 84