• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот

5 Бештин айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат.  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Муратбек Азымбакиев. 

Андан соң 10-декабрда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болот. 

«Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. 

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. 

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт», — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Теги:
Количество просмотров: 78