Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын орусиялык компанияларга кысымын жана негизсиз дооматтарын токтотуусун талап кылганын орустардын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды.
“Бизди Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку өкүлдөрүнүн кыргыз экономикасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп жаткан, чынчыл, абийирдүү орусиялык компанияларга негизсиз дооматтары жана мыйзамсыз билдирүүлөрү тынчсыздандырат», — деди Орусиянын өкмөт башчысы. Бирок премьер Мишустин кайсы компаниялар экенин ачык айткан жок.
Мишустин кызматташы Касымалиевге “мыйзамсыз, кээде опузалап акча талап кылуу фактылары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин нотасында белгиленгенин” эскертип, кыргыз бийлигинен орусиялык компанияларга административдик кысым көрсөтүүнү токтотуп, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоону өтүндү.
ТАСС билдиргендей, Касымалиев бул маселе боюнча Кыргызстанга барганда сүйлөшүп, өзүнчө маалымат берүүнү убада кылды. Расмий Бишкектин маалыматында сүйлөшүүдө андай маселе көтөрүлгөнү тууралуу айтылган эмес.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, тараптар эки өлкө ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгилешти.
Жолугушууда ЕАЭБ алкагында өз ара иштешүүнү күчөтүү маселелерине жана башка аймактык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулганы кабарланды.
Касымалиев менен Мишустин Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жолугушкан